Былтыр унаа ташуучуларга 19 миң 283 уруксат кагаз берилди

04.02.2022, 13:15 Акчабар
Былтыр унаа ташуучуларга 19 миң 283 уруксат кагаз берилди

2021-жылдын 12 айында ата мекендик авто ташуучуларга 19 миң 283 даана уруксат кагаздары берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, юридикалык жактарга 16 миң 878, физикалык жактарга 2405 кагаз берилген. 

Министрлик кыргыз жүк ташуучулардын кызыкчылыгын коргоо жана аларга эл аралык денгээлде ыңгайлаштырылган шарт түзүү максатында жана соода экономикалык кызматташууну жакшыртуу неетинде чет мамлекеттер менен системалуу түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү иш-чаралардын алкагында жыл сайын 41 мамлекет менен уруксат кагаздарын алмашып турат.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 1-февралына карата Автотранспорт департаменти тарабынан 29 чет мамлекеттен 18 миң 155 даана уруксат кагаздары келип түшкөн.

 

Тэги: жүк ташуу уруксат кагазы транспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу