Былтыр «Вулкан плюс» куюу цехинин товардык продукциянын көлөмү 727,5 млн сомду түздү

15.02.2022, 18:03 Акчабар
Былтыр «Вулкан плюс» куюу цехинин товардык продукциянын көлөмү 727,5 млн сомду түздү

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Вулкан плюс» куюу цехинин иши менен таанышты.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекет башчысына “Вулкан плюс” ЖЧКсы түзүлгөндөн бери 11 жыл аралыгында өлкөдөгү тоо-кен ишканалары жана цемент заводдору менен иштешип, тегирмендердин, майдалоочу жабдыктардын, мештерди жана автоунаалардын тетиктерин чыгарып келе жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Компания өз продукциясын чыгаруу жана тейлөө үчүн жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу кадрларды топтой алды. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 30 миң тонна. Компаниянын продукциялары Кыргызстандын ичинде да, коңшу мамлекеттердин базарларында да сатылат. Акыркы 5 жылдын ичинде компания өлкөдөгү эң ийгиликтүү 200 компаниянын катарына кирди. 2021-жылга товардык продукциянын көлөмү 727,5 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, Президентти аталган ишкананын базасында майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын куюу үчүн линияны куруу долбоору менен тааныштырышты.

Ишкананы көрүү учурунда Жапаров “Вулкан Плюс” ЖЧКсынын тоо-кен таштарын майдалоочу шарларды жана металл буюмдарды куюучу линиясынын курулушу үчүн капсула салды. Аны ишке киргизүү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн жылына 100 миң тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын өндүрүү тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана оор техникаларды өз алдынча чыгарууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

“Өлкөбүздө мындай ишканалардын ачылышы жалпы Кыргызстандын өндүрүшүн, айыл чарбасын, транспортун жана экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди. Мындай ири ишкананын кеңейиши өнөр жайдын өнүгүшүнө, ички инвесторлорду колдоого оң таасирин тийгизет”,- деди Жапаров.

 

Тэги: Кара-Балта шаары Президент Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу