Былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 4,2 млрд сомду түзгөн

20.03.2023, 13:00 Акчабар
Былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 4,2 млрд сомду түзгөн

Жогорку технологиялар паркынын 2022-жылдагы кирешеси 4,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан Жогорку технологиялар паркы жөнүндө мыйзамга сунушталып жаткан түзөтүүлөрдө жазылган. 

Негиздеме маалымкатта Жогорку технологиялар паркында иштегендер сатуудагы салыктан, киреше салыгынан, кошумча нарк салыгынан бошотулат. Киреше салыгы 5% өлчөмүндө белгиленген. Ал эми резидент-кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө белгиленет.

Министрликтин маалыматы боюнча, Жогорку технологиялар паркында 270 резидент-компания катталган, аларда 1800дөн ашык кызматкер иштейт.

Кирешелердин түзүмүндө экспорт 92,4% түзөт. IT кызматтары жана өнүмдөрү экспорттолгон ири өлкөлөрдүн арасында АКШ (36%), Россия (13%), Казакстан (11%), Кипр (11%) жана Улуу Британия (4%) бар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу