4-июнь күнү 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Жалпы сумма 50 млн сом. Андан сырткары, 5-июнда Улуттук банк 400 млн сомго 5 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт.
Эске сала кетсек, каржы министрлиги алдын-ала берген маалыматка ылайык, июнь айында бюджетти 1.4 млрд сомго толтуруу пландалууда.