Бюджеттин кирешеси 2025-жылга карата 444 млрд сомго чейин өсөт

23.11.2022, 15:02 Акчабар
Бюджеттин кирешеси 2025-жылга карата 444 млрд сомго чейин өсөт

Мамлекеттик бюджеттин кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322,7 млрд сомдон же ИДӨгө карата 34,8%дан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Мекеме 2024-2025-жылдар аралыгында бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 389,2 млрд сомду жана 443,8 млрд сомду түзөрүн болжолдоодо.

“Келерки, 2023-жылы салыктык түшүүлөр 263,7 млрд сомду (ИДӨгө карата 28,5%), 2024-жылы 330,2 млрд сомду (ИДӨгө карата 32,3%), 2025-жылы 387,7 млрд сомду (ИДӨгө карата 34,4%) түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2023-жылы 39,2 млрд сом, 2024-жылы 45,5 млрд сом жана 2025-жылы 46,1 млрд сом өлчөмүндө каралды. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу