ИИМдин мурдагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

20.01.2020, 09:30 Акчабар
ИИМдин мурдагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Финансы полициясы Ош шаарынын тургунун пара алып жаткан жеринен кармады. Кармалган жаран ИИМдин мурдагы кызматкери болуп чыккан. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына К.М. аттуу жаран «ИИМдин «кызматкери», Ош облусунун С.Б. аттуу жараны мага кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартам  деп коркутуп, 1 миң доллар өлөмүндөгү пара талап кылып жатат», - деген арыз менен кайрылган. 

«Милиция» акчаны накталай алуудан баш тартып, банктагы эсебине которуп коюуну талап кылган. 2020-жылдын 16-январында арыздануучу акчаны С.Б. аттуу жарандын банктагы эсебине 69 миң 750 сом акчаны которгон. Жыйынтыгында, С.Б. эсебине которулган акчаны Ош облусунун соода түйүндөрүнүн биринен алып жаткан жеринен кармалган. Териштирүүнүн жыйынтыгында, өзүн ИИМдин учурдагы кызматкеримин деп тааныштырган жаран, азыркы маалда эч жерде иштебегендиги, мурунку ИИМдин кызматкери экендиги  маалым болгон.

 

Тэги: коррупция взятка МВД ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу