Каржы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттиги 2020-жылдын январь-июнь айлары үчүн бюджетке 2 млрд 3 млн сом суммасындагы бюджеттик бересе каражаттарын кайтарып берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын ичинде:
-негизги карыз – 1 млрд 488.5 млн сом;
-пайыздык үстөктөр жана айып пулдар – 5514.5 млн сом.
2020-жылдын январь-июнь айларындагы бюджеттик насыялардын кайтарылышы боюнча көрсөткүч (млн сом менен):
Көрсөткүчтөр | 2020-жылдын январь-июнь айларында кайтарылды | 2019-жылдын январь-июнь айларында кайтарылды | 2019-жылдын ушул убагына карата пайыздык көрсөткүч менен |
Негизги карыз | 1 488.5 | 1 904.9 | 78 пайыз |
Пайыздык үстөктөр жана айып пулдар | 514.5 | 909.9 | 56 пайыз |
Баардыгы | 2 003.0 | 2 814.8 | 71 пайыз |
2020-жылдын январь-июнь айларындагы бюджеттик насыяларды кайтаруу боюнча божомолдордун аткарышынын көрсөткүчү (млн сом)
Көрсөткүчтөр | 2020-жылдын янврь-июнь айларына божомолдуу план | 2020-жылдын январь-июнь айларында кайтарылды | пайыхз |
Негизги карыз | 1 041.6 | 1.488.5 | 143 |
Пайыздык үстөктөр жана айып пулдар | 455.7 | 514.5 | 112 |
Баардыгы | 1 497.3 | 2 003.0 | 133 |