Centerra «Кыргызалтынга» тиешелүү 77,4 млн акцияны жокко чыгарды

01.08.2022, 09:02 Акчабар
Centerra «Кыргызалтынга» тиешелүү 77,4 млн акцияны жокко чыгарды

Centerra Gold Inc. 29-июлда “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргызстандын өкмөтү менен “Кумтөр” кениндеги “Центерранын” мүлкүн тескөө жана Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу, ошондой эле “Кыргызалтындын” “Центеррадагы” катышуусун токтотуу боюнча мурда жарыяланган глобалдык келишимдин жабылганын жарыялады.

Компания келишимдин натыйжасында “Кыргызалтындын” 77 млн 401 миң 766 катардагы акциясына ээлик кылып, аны жойгонун билдирди. “Центерра Голд” муну үчүн Кумтөрдөгү өзүнө караштуу “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканалары толугу менен Кыргызстандын бийлигине өткөрүп бергенин тактайт.

Ошол эле учурда компаниянын маалыматы боюнча, “Кыргызалтын" жана Кыргызстан Кумтөр кени боюнча толук жоопкерчиликти өзүнө алат, анын ичинде рекультивация жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык милдеттенмелер жана жалпысынан 85 миллион долларга жакын акчалай төлөмдөр.

“Макулдашууга ылайык, тараптар Кумтөр кенине байланыштуу бири-бирине койгон бардык доолорунан баш тартып, бир пикирге келишкен. Ошондой эле “Кыргызалтындын” атынан “Центерранын” Директорлор кеңешинде мүчө болуп жүргөн Дүйшөн Касенов менен Нурлан Кыштобаев курамдан чыгарылды”, - деп айцтылат маалыматта.

 “Центерранын” буга чейин “Кыргызалтынга” таандык болгон жөнөкөй акцияларын сатып алуунун жана жокко чыгаруунун натыйжасында компанияда ушул келишим түзүлгөн күнгө карата жүгүртүүдөгү 220 млн 83 миң 541 жөнөкөй акция калды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Центерранын” акционерлери Кумтөр боюнча Кыргызстан менен тынчтык келишимин жактырган.

 

Тэги: Кыргызалтын Centerra Кумтор акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу