Кыргызстандын борбордук мечитин бузуу чечими кабыл алынды

27.05.2022, 10:27 Акчабар
Кыргызстандын борбордук мечитин бузуу чечими кабыл алынды

Бишкектин Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстандын борбордук мечитин бузулат. Бул маалыматты “Акчабар” каржы порталына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Муфтияттан билдиришкендей, ал жерге жаңы жана заманбап мечит курулат.

“Азыркы мечит 1995-жылы курулган. Азыр намаз учурунда элдер дээрлик көчөгө чейин чыгып калышат, ошондой эле жол тыгындары да бар. Жаңы мечитте унаа токтотуучу жай да болот, мечиттин болжолдуу сыйымдуулугу 10 миң адамды түзөт, ал өлкөдөгү эң чоң мечиттердин бири болот”, - деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштери июнь айында башталып, демөөрчүлөр акча бөлөрү, учурда алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

“Бул жерде 1944-жылы курулган мечит бар. Ал бузулбайт”, - деп кошумчалашты дин башкармалыктагылар.

Тэги: строительство мечеть ДУМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу