Чекене соодага мониторинг жасалган сон, республикадагы айрым товарлардын баасы түшсө, айрымдары кымбаттаган.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылдын 22-фералынан 22-мартка чейинки аралыкта мунай продукциялары орто эсепте 2.3% төмөндөгөн. Алсак, Аи-92 маркасындагы бензин 1.38 сомго арзандап, 3.3% баасы төмөндөдү, Аи-80 бензини – 1.12 сом түшүп же 2.81% арзандоо катталган. Ал эми дизель 0.35 сомго түшүп же арзандоо 0.78% жеткен.
Мунай продукцияларынан тышкары цемент дагы арзандаган. Цемент 0.09%, көмүр(жергиликтүү жана чет элдик) – орто эсепте3.2% төмөн болду.
Азык- түлүк товарларынын ичинен II сортгу ун, макарондор, күрүч (жергиликтүү жана чет элдик), кум шекер, өсүмдүк майы, куштун жана малдын эти, төө бурчак жана жумурткаорто эсепте 0.44% арзандап, картөшкө – 3.71% жеткен.
Ушул эле маалда айрым азык-түлүктун баасы жогорулаганы дагы байкалган