Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда АИ-95 бензининин чекене баасы орто эсеп менен 49,98 сомду түзүп, 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 34,2% га жогорулады, ал эми өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу 18,3% га көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчётунда айтылат.
Ошол эле учурда, АИ-95 бензининин чекене баасы Исфана шаарында бир литри - 51,92 сом, Баткенде -51,72 сом, Кара-Суу шаарында - 50,63 сом жана Кербен шаарында - 50,52 сом. Минималдуу баалар Балыкчы шаарында бир литри - 48,37 сом, Нарын шаарында - 48,60 сом, Чаек айылында - 48,70 сом жана Токмок шаарында -48,93 сом, деп катталды.
Бензиндин баасы 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу эң чоң өсүшү Каракол шаарында - 42,5%, Өзгөн - 37%, Токтогул - 36,9%, Токмок - 34,8% жана Бишкек шаарында - 34,3% деп катталды.
Өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу бензиндин максималдуу өсүшү Жалал-Абад шаарында - 20%, Өзгөн - 19,8%, Токтогул - 19,7%, Кара-Балта - 19,5% жана Кербен - 19,3%.