Кыргызстанда бир жылдын ичинде эттин баасы 27% га жогорулады

26.04.2021, 10:37 Акчабар
Кыргызстанда бир жылдын ичинде эттин баасы 27% га жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата Кыргызстанда уй эти орто эсеп менен 450,31 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 89,11 сомго кымбаттады. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошентип, уйдун эти бир жылдын ичинде дээрлик 25% га жогорулады, ал эми кой эти 29% га көтөрүлүп, килограммы 449,67 сомду түздү.

Уй этинин эң жогорку баасы Нарын жана Жалал-Абад шаарларында, эң төмөнү Исфанада катталды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырсак уй эти эң чоң өсүш (1,3 эсе) менен Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында катталып, ал эми кой эти Исфана, Баткен жана Жалал-Абадда (1,4 эсе) жогору болчу. 

Учурда Жалал-Абад шаарында уй эти гана эмес, козунун баасы да кымбат. 

Тэги: цена Кыргызстан деньги потребительские цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу