Казакстанда тамекинин баасы 10% кымбаттады

21.02.2020, 11:01 Акчабар
Казакстанда тамекинин баасы 10% кымбаттады

2020-жылдын январь айында Казакстанда өндүрүлгөн тамекинин көлөмү 26.5 % жогорулап, бир жыл ичинде 521.2 млн даана тамеки чыгарылган. Ал эми 2019-жылы 412 млн даана тамеки өндүрүлүп, көлөм тескерисинче 33.2% азайган. Бул тууралуу energyprom.kz порталы кабарлады. 

2020-жылдын январь айында тамекиге болгон баа жогорулаган. Орточо эсеп менен бир кутум тамекинин баасы бир жыл ичинде 10.4% жогорулап, 1.2 долларды (452.5 теңге) түзгөн. Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-январында 1000 даана тамекиге болгон акциз салыгы 13.8 пайыздан 26.32 долларга чейин (9.9 миң теңге) жогорулаган, ал эми 2019-жылы бул баа 23.13 долларды түзгөн. Бул тамекинин кымбатташынын башкы себеби. 

Бир тутум тамеки Актобеде эң жогорку баа - 1.29 долдларга сатылат. Ал эми Нур-Султан менен Костанайда - 1.27 долларга, Актауда - 1.25 долларга, Көкшетауда - 1.24 долларга сатылат. Жалпысынан 18 шаардын ичинен 8 шаарда, тамеки орточо баадан жогору сатылары анык болгон.  Эң арзан баа менен Талдыкорганда - 1.12 долларга, Атырауда - 1.15 долларга жана Петропавловскада - 1.17 долларга сатылат. 

 

 

Тэги: сигареты табак акциз налоги экономика производство Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу