Чек ара кызматынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

29.09.2020, 10:57 Акчабар
Чек ара кызматынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК ККК кызматкерине берип жаткан учурунда КР Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан Ж.у.Н. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран коңшу өлкөлөрдөн келген аткезчилик жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган.

 

 

Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки иштер козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: Пара коррупция УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу