Чек арада унаалардын тыгынын болтурбоо үчүн ташылуучу товарларга карата ЭЭФ болушу текшерилет

21.04.2022, 17:57 Акчабар
Чек арада унаалардын тыгынын болтурбоо үчүн ташылуучу товарларга карата ЭЭФ болушу текшерилет

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан "Ак-Тилек" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын айланма жолдо экспорттоочуларда ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ташылуучу товарларга карата зарыл болгон бардык коштомо документтердин (ЭЭФ) болушу текшерилет.

Салык кызматынан маалымдашкандай, бул иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалардын (АТК) тыгынына жол бербөө максатында көрүлмөкчү.

Мындай чечим Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 19-апрелде кол коюлган Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен ташылуучу товарларга карата электрондук эсеп-фактуралар болгон учурда жүк ташуучу унааларды Казакстанстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө макулдашуунун алкагында кабыл алынган.

Кыргызстандан Казакстанга ЭЭФте көрсөтүлбөгөн импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстандын салык кызматы транспорт каражатын Кыргызстандын аймагына кайтаруу чараларын көрөт.

Ошол эле учурда, ЭЭФте көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо инспекциялык текшерүү комплексинин жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн, мында транспорттун жүк салынган бөлүгүн ачуу зарылдыгы жокко чыгарылат.

Белгилей кетсек, салык кызматы КРдан товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керектигин эскертет. QR коду бар ЭЭФнын болушу жүк ташуучуларга Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук текшерүү иш чарасынан кутулууга жана Казакстанга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды эркин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Тэги: электрондук эсеп фактура товар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу