Чет элдеги КР жарандары үчүн консулдук кызматтардын тарифтерин арзандашы мүмкүн

09.03.2020, 11:30 Акчабар
Чет элдеги КР жарандары үчүн консулдук кызматтардын тарифтерин арзандашы мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839«Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө»токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" КР өкмөтүнүн токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгууда.

Документте айтылгандай, токтом долбоору Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына, эң алды менен чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн жарандарга, жакшы шарттарды түзүп берүү максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына, эң алды менен чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн жарандарга, жакшы шарттарды түзүп берүү максатында, ошондой эле «Мекендештер» төртүнчү форумунун сунуштарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш түзүү кеңешинин 2019-жылдын 2-августунда чыгарылган чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөрдө, өзгөчө ЕАЭК мамлекеттеринин аймагында, эмгектенип жүргөн жарандарыбыздын эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жигердүү иш алпаруунун маанилүүлүгү жөнүндө айтылган сөздөрүн баса белгилөө менен министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүдө консулдук жыйым-теримдин тарифтерин арзандатуу маселесин эң биринчи кезекте ишке ашыруу керек деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бул аракети Кыргыз Республикасынын жарандары менен коомчулугунун ичинде, өзгөчө өлкө тышында иштеп жүрүшкөн жарандарыбыз арасында, оң кабыл алынат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелердин консулдук кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүүнүн алкагында автоматташкан маалымат системалары орнотулуп, булардын аркасында КР жарандарына көрсөтүлгөн консулдук кызматтар чыгашаны жана убакытты аз сарптап калат.

Консулдук жыйым-теримдердин тарифтеринин арзандашы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары, бул демилге чет өлкөлүк жарандардан алынган виза тарифтерине да таасирин тийгизип, бул тарифтер плюс индексация менен унификацияланат. Бул чаралар КР жарандарынын кызыкчылыгы үчүн тарифтерди арзандатуунун айынан келип чыккан финансылык жетишпестиктерди компенсациялоого багытталат.

Ошондой эле аталган иш-чаралар азыркы мыйзамдагы визалардын тигил же бул категорияларынын өзгөчө майдалангандыгы жана бааларынын ар түрдүүлүгүнүн айынан консулдук кызмат адамдары тарабынан жасалып кетиши мүмкүн болгон коррупциялык факторлорду болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.

Аны менен бирге сунушталып жаткан өзгөртүүлөр учурдагы бааларды унификациялоого багытталып, мунун аркасында билдирме бергендер визаны тариздөөдөгү баа саясатын оңой түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт.

Иш-аракеттердин аталышы

Сумма (сом)

Сумма (доллар)

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортту алуу (зарыл болгон документтерди тариздөө)

 

30

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнүч - каттардын негизинде чет өлкөлүк мамлекеттерге бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине виза берүү жөнүндө ноталарды тариздөө

700

10

Чет өлкөлүк жарандарга виза берүү жана визанын мөөнөтүн узартуу (визаларды тариздөө), кызматтык иштер боюнча визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө:

 

 

Бир жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин

 

50

Бир жолку визанын мөөнөтүн создуктуруу: -ар бир 30 күнгө (1 ай)

 

10

Бир жолку окуу (студенттик) визанын мөөнөтүн создуктуруу: -ар бир 30 күнгө (1 ай)

 

5

Көп жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейин;

 

60

Көп жолку визанын мөөнөтүн создуктуруу: -ар бир 30 күнгө (1 ай)

 

15

Көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн создуктуруу: -ар бир 30 күнгө (1 ай)

 

10

Транзиттик визаны тариздөө

 

 

- беш суткага чейин

 

25

Чыгуу визанын тариздөө

 

70

Ар бир чет өлкөлүк жаранга кызматтык иштер боюнча визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө

 

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

 

10

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө:

 

500

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

 

10

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги фактысын аныктоо)

  

-Кыргыз Республикасынын жарандарына

 

10

-чет өлкөлүк жарандарына

 

50

Жарандык абалдын актыларын жазууларды каттоо:

 

 

- никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү;

 

10

- соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка);

 

50

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу материалдарды кабыл алуу, каттоо жана тариздөө;

 

10

-туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди мыйзамдаштыруу:

  

- жеке жактардан, Кыргыз Республикасынын жарандардан;

350

5

- жеке жактардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

3500

50

- юридикалык жактардан

7000

100

жеке жактардын, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын жана чет элдик мамлекеттердин жарандарынын ар бир документин мыйзамдаштыруу үчүн

1400

20

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

 

10

Тэги: чет элдик КР жарандар консулдук кызматтар ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу