Чет элдик 46 авиакомпания Кытайга уча турган каттамдарын токтотту

04.02.2020, 17:00 Акчабар
Чет элдик 46 авиакомпания Кытайга уча турган каттамдарын токтотту

Кытайга уча турган чет элдик 46 авиакомпания каттамдарын токтотту. Буга себеп Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн улам​ болууда. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгынан кабарлашкандыгын РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, учурда  Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 20,4 миңден ашып, 425 адам көз жумду.

«Ооруканадан 632 адам чыгарылган. Кытайда бир күн ичинде 3,2 миң адам ооруну жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 64кө жетти. Ал эми 2,8 миңдей бейтаптын абалы оор деп бааланууда», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамын токтоткон. Мындай чечимди өлкө аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алган.

Тэги: авиа авиакаттам Кытай коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу