Чет элдик инвесторлор Кыргызстандын баалуу кагаздарына 616 млн сом салышкан

26.02.2020, 17:45 Акчабар
Чет элдик инвесторлор Кыргызстандын баалуу кагаздарына 616 млн сом салышкан

2019-жылдын жыйынтыктары боюнча чет элдик инвесторлор Кыргызстандын баалуу кагаздарына жалпы эсеп менен 616 млн сом салышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын коллегиясында анын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Аталган каражаттардын 6,9 млн сому алыскы чет өдкөлөрдөн, ал эми 609,1 млн сому жакынкы чет өлкөлөрүнөн келгендиги айтылууда.

Коллегияда сүйлөп жатып, Өкмөттүн аппарат өкүлү Самат Кылжыев чет элдик инвесторлорду  тартуу жана маалымат менен камсыздоо боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи.

«Баалуу кагаздар рыногуна чет элдик инвесторлору тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүү абзел. Бүгүнкү күндө бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жакшы деңгээлде болбой жатат. Буга көңүл буруңузду суранам»,-деди ал.

Тэги: Баалуу кагаздар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу