Чет элдик жарандар Кыргызстандан 11-майга чейин визаларын тариздебестен чыгып кете алат

09.04.2020, 15:45 Акчабар
Чет элдик жарандар Кыргызстандан 11-майга чейин визаларын тариздебестен чыгып кете алат

Чет элдик жарандар Кыргызстандан 11-майга чейин визаларын тариздебестен чыгып кете алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Кыргыз өкмөтү тарабынан тиешелүү буйрук кабыл алынган.

«Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен өкмөт тарабынан буйрук кабыл алынды. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор 11-майга чейин визаларын тариздебестен жана жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандар чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», - дейт ал.

Белгилей кетсек, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

Тэги: визасыз чет элдик жарандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу