Өнөр жай тармагында иштегендердин саны 2019-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 10.6%, 2018-жылга салыштырмалуу - 1.7% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өнөр жайдагы кызматкерлердин 70% кайра иштетүүчү тармагында эмгектенишет.
Кызматкерлердин орточо эмгек акысы 2019-жылы 27 миң сомду түзсө, орточо республикалык көрсөткүчтүн көлөмү 1.6 эсеге жогорулаган.