ЕАЭБ боюнча 2021-жылдын августунда ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66,2% га азайган. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Жумушсуздардын саны 2021-жылдын августунун аягында 1 миллион 356 миң адамды же жумушчу күчүнүн 1,5% ын түздү.
Жумушсуздардын санынын эң көп төмөндөшү Орусияда байкалууда - 3,6 миллиондон 984 миңге чейин. Кыргызстанда болсо 78,6 миңден 80,5 миңге чейин өсүш бар.