Таза суу менен 146 миң жашоочу камсыз болот

26.12.2019, 12:15 Акчабар
Таза суу менен 146 миң жашоочу камсыз болот

ЖК Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу» долбоору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилет.

Долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

 

Тэги: чистая питьевая вода законопроект Баткенская область Таласская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу