Чүйдө дээрлик 22 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

05.04.2022, 11:55 Акчабар
Чүйдө дээрлик 22 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди инвентаризациялоонун жүрүшүндө 15 түрдүү контурдагы 140 гектар айыл чарба жерлерин көп жылдар бою белгисиз адамдар тиешелүү документтери жок мыйзамсыз пайдаланып келишкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган жерлерди үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз басып алуу жана ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо, мыйзамсыз курулуштар, айыл чарба жерлерине зыян келтирүү, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү жоготуу сыяктуу маселелердин алдын алуу максатында көзөмөл органы тарабынан айыл өкмөт башчысына прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. 

Натыйжада, айыл чарба багытындагы 21 млн 816 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 140,0 га жер тилкелери айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Тэги: прокуратура Чүй жер мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу