Ушул жылдын 2-июнунда, директорлор кеңешинин кезектеги отурумунда, "ФинансКредитБанк" ААК төрагасы шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бош орунга Чынара Жакупбекова дайындалды.
Osoo.kg сайтына ылайык, ал "Жакупбекова & Партнерлор" юридикалык компаниясынын директору.