Бизнес үчүн, электрондук эсеп-фактураны же кассаны колдонуу үчүн электрондук кол тамганы колдонуу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров бүгүн, 17-декабрдагы тегерек столдо билдирди.
Иш-чара 2021-жылдын 1-январынан тартып салыктык башкаруу жаатында киргизилген бизнес үчүн инновациялар темасында өттү.
Анын айтымында, учурда санарип кол тамганы колдонсо болот, анын баасы жылына 400 сом.
Кол тамга электрондук эсеп-фактурада жана салык төлөөчүнүн кеңсесинде ишке ашырылат, деп кошумчалады ал.
Кыргызстанда виртуалдык кассалык машиналар тутуму иштелип чыгып, ишке киргизилгендигин кошумчалайбыз, бүгүнкү күндө телефонго жүктөп алууга мүмкүн болгон программалык-кассалык машиналар бар.