«Мансон Групп» «Макмал» алтын кенин мындан аркы иштетүүгө 75 млн АКШ долларынан ашуун инвестиция салат

01.04.2019, 10:30 Акчабар
«Мансон Групп» «Макмал» алтын кенин мындан аркы иштетүүгө 75 млн АКШ долларынан ашуун инвестиция салат

27-марта «Кыргызалтын» ААК  менен  «Мансон Групп» ЖЧК  инвестициялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Компания «Мансон Групп» «Макмал» алтын кенин мындан аркы иштетүүгө 75 млн АКШ долларынан ашуун инвестиция салат Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК жана «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлушуна байланыштуу «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын жана Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруунун алкагында «Макмал» алтын кенинин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району үчүн социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алуу менен 2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» ААК жана «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул келишимде «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган.

Биргелешкен ишканадагы «Кыргызалтын» ААК үлүшү 30% түзөт, ал эми «Мансон Групп» ЖЧК үлүшү - 70%. «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков билдиргендей, мамлекеттик органдардын жана Тогуз-Торо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүүгө кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган «Мансон Групп» компаниясын сынактын жеңүүчүсү деп тааныды.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өзүнүн каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен 75 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо жүргүзөт.

«Бул инвестициялык келишимди ишке ашыруу комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоону шарттайт. «Мансон Групп» ЖЧК алтын өндүрүүчү фабриканы эксплуатацияга берүүгө чейин жыл сайын чегерүүлөрдү ишке ашырууга же аны 10 млн сом өлчөмүндө модернизациялоого милдеттенет, ал эми фабрика ишке берилген соң жыл сайын чегерүүлөрдүн өлчөмү биргелешкен ишканалардын жылдык дүң кирешесинин 2% түзөт»

Бул келишимдин алкагында инвестор калкты жумуш менен камсыз кылууну кеңейтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар ишканаларды курууну пландап жатат, бул-сүт жана кыш модулдук заводдору, балды кайра иштетүү модулдук заводу, поликарбонат күнөскана-модулдук комплекси, май куюучу жай, дүкөн, мини-маркет, кафе, жарманке, май куюучу жай алында эки кабат отель, үч кабаттуу мейманкана-туристтик комплекси.

Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими Айбек Кожошев белгилегендей, райондун жашоочулары алтын ишканасында өндүрүштүн жандануусу пландалып жатканы жана кендеги иштердин башталышы тууралуу жаңылыкты дилгирлик менен кабыл алышты.

«Сиздердин эсиңиздерде болгондой, 32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан баштап, жабдуулардын эскилиги жеткенине жана алтын өндүрүү азайганына байланыштуу өз ишин токтоткон. Өз убагында комбинат 29 млн сом жергиликтүү бюджетке жана 50 млн сомдун тегерегинде республикалык бюджетке чегерип турган. Биз ишти жакын арада баштоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. Дагы бир ирет белгилей кетсем, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз жыйынтык көрсөтүүгө тийишпиз. Жакын арада биз тиешелүү органдар жана жарандардын катышуусунда коомдук угууларды уюштурабыз. Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Карапайым жашоочулар Тогуз-Торо районундагы жалгыз өндүрүштүк ишкана болуп саналган «Макмал» кенинде иштин жандануусун күтүп жатышат», - деди Айбек Кожошев.

«Мансон Групп» компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, «Макмал» алтын кенин иштетүүгө сынак ачык жана айкын өткөрүлүп, бардык катышуучуларга тең жана сынактык шарттар түзүлүп берилген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, учурда Өкмөт чет элдик инвесторлорду колдоо саясатын жүргүзүүдө, алар өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек. «Бул долбоорду ишке ашырууга биз тиешелүү көмөк көрсөтөбүз. Өз кезегинде инвесторлор мыйзамды сактап, өндүрүшкө алдынкы технологияларды киргизип, жергиликтүү калк менен активдүү өз ара аракеттешүүгө тийиш. Биз дал ушундай инвесторлорду ар тараптуу колдойбуз.

«Премьер-министр катары мен келишимдин бардык шарттары так жана өз убагында аткарылган шартта, сиздерге эч кандай тоскоолдуктар болбойт деп кепилдик берем. Бул инвестициялар райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөсүнүн жагымдуулугун калыптандыруу үчүн зор маанилүү болуп саналат. Чет элдик инвесторлордун жардамы аркылуу кендин ишин жандандыруу Өкмөттүн инвестицияларды коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатындагы күч-аракеттерин ырастайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик компетенттүү органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бардык зарыл колдоону көрсөтүүнү, анын ичинде Тогуз-Торо районунда коомдук угууларды өткөрүүнү жана комбинаттын ишмердигин жандандыруу процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо максаттарында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды деп билдирди Кыргыз  Өкмөтүнүн  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Тэги: горнорудная отрасль Макмалзолото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу