СOVID-19: Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

02.07.2020, 09:05 Акчабар
СOVID-19: Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында маалым болду, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

 

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы медиктердин саны Бишкек шаарында жетишсиз болуп жаткандыгын айткан.

«Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты. Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Ошондой эле кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Тэги: премьер-министр Кубатбек Боронов борбор калаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу