COVID-19: 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң кычкылтек концентратору керек

01.07.2020, 15:10 Акчабар
COVID-19: 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң кычкылтек концентратору керек

Кыргызстанда кошумча 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң кычкылтек концентратору талап кылынууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

 

Ал өлкөдө жасалма дем алдыруучу аппарат менен кычкылтек концентратору жетишпей жатканын билдирди.

«Бизде 473 жасалма дем алдыруучу аппарат болгон. Акыркы убакта эл аралык уюмдардан биз 20 жасалма дем алдыруучу аппарат алдык. Азыр өлкө боюнча 493 аппарат бар. Ошондой эле 610 кычкылтек концентратору бар. Биз кошумча 109 кычкылтек концентраторун алганбыз. Бирок дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң 3 кычкылтек концентраторуна муктаждык бар. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жабдыктар Россиядан келет деп күтүп жатабыз, андан тышкары 3-июлда Кытайдан келет. Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди ал.

Тэги: Кыргызстан акыйкат аппараты кычкылтек COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу