COVID-19: Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчиси баштаган делегация келди

02.07.2020, 14:45 Акчабар
COVID-19: Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчиси баштаган делегация келди

Кечээ, 1-июлда Россиядан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Делегацияны Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский жетектейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн бул делегациянын келиши чоң жардам.

 

«Себеби коронавирус менен күрөшүүдөгү Россия Федерациясынын тажрыйбасы бизге маанилүү. Бул делегация менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү кызматташуу маселеси сүйлөшүлөт. Мындан тышкары, биздин эпидемиологдор, инфекционисттер, вирусологдор, реаниматологдор сыяктуу адистерибиз бир нече консультациялык жолугушууларды уюштурушат. Ошондой эле делегациянын келиши жакынкы арада президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп саналат», — дейт Боронов.

Тэги: Россия кызматкерлер делегация Кыргызстан Роспотребнадзор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу