COVID-19: Япония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет

15.07.2020, 09:50 Акчабар
COVID-19: Япония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет

14-июлда Бишкекте кол коюлган келишимге ылайык, Япония социалдык-өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга 500 млн. иен (4,6 млн. доллар) бермек болду. Келишимге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду.

 

Жапон элчилиги тараткан маалыматта: «Учурдагы коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдуулардын алып бермек болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет», - деп жазылган.

Ошондой эле жапон өкмөтү берилип жаткан жардам Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына каршы ишин бекемдей аларына үмүттөнөрү жазылган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат.

Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Тэги: келишим Япония COVID-19 Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу