Депутат президенттин туугандарына мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо

27.05.2021, 13:00 Акчабар
Депутат президенттин туугандарына мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент өзүнүн туугандарын мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга дайындоосуна, ошондой эле алардын компанияларына мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору буга чейин ЖКнын сайтында коомдук талкууга коюлган.

Бекешевдин айтымында, жаңы конституция кабыл алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентине эбегейсиз ыйгарым укуктар берилген. Тагыраагы, мамлекет башчы өзүнүн туугандарына иш жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алат жана бул 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылы 7-апрелде жана 2020-жылы 5-6-октябрда болгон окуялардын кайталанышына түрткү болот.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда президенттин соттордун жана Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүүсүнө тыюу салуу, сотко жана депутаттарга кысым көрсөтпөө сунушталат.

Дастан Бекешев буга чейин ушул сыяктуу тыюу салууларды азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы сунуш кылгандыгын белгиледи.

Тэги: президент законопроект кономика госдолжности

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу