Дастан Бекешовдун салык декларациясын Башкы прокуратура текшерет

07.01.2020, 13:30 Акчабар
Дастан Бекешовдун салык декларациясын Башкы прокуратура текшерет

Салык кызматы Дастан Бекешовдун салык декларациясын Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу депутат өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. 

«Буга чейин менин бирдиктүү салык декларациямды текшере тургандыгын эскертишкен. Мен бул талапты өзүм жибергем. Салык кызматы буга жооп катары менин декларациямдан келишпестиктер бар экенин билдирди (алар абдан майдачылдар) жана менин бирдиктүү салык декларациямды учурда Башкы прокуратура карап жатат. Мен  албетте ар бир пунктка тиешелүү жооптуу кат түрүндө даярдап жатам», — деп жазган Дастан Бекешов. 

Бекешов билдиргендей, анын декларациясынан үч мыйзам бузуу табылган. Биринчиден ал курулуп жаткан батирин декларацияга кошуп койгон, экинчиден эл өкүлү депозиттин кирешесин толук эмес көрсөткөн, үчүнчүдөн ал коомдук бирикменин мүчөсү катары өзүн көрсөткөн эмес. Муну депутат унутуп калганы жана жакын арада ал уюмдан чыга тургандыгы менен түшүндүргөн.

«Ооба, булар мыйзам бузуу болуп эсептелинет, бирок дароо Башкы прокуратурага жибергидей эч кандай жүйө жок», —  деп айтты Бекешов. 

Тэги: салык декларация Дастан Бекешов Депутат Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу