Республикалык бюджеттин дефицити 6.3 млрд сомду түзгөн

04.05.2020, 09:29 Акчабар
Республикалык бюджеттин дефицити 6.3 млрд сомду түзгөн

Мамлекеттик бюджеттин 2020-жылдын I кварталындагы жалпы кирешеси 30 млрд 367 млн 16.6 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги билдирди. 

Муну менен катар республикалык бюджеттин кирешеси - 25 млрд 932 млн 474.8 миң сомду, жергиликтүү бюджеттин кирешеси - 4 млрд 983 млн 161.03 миң сомду түзгөн. 

Ал эми I кварталдагы бюджеттин чыгашасы - 35 млрд 934 млн 734.9 миң сомду, республикалык бюджеттин чыгашасы - 32 млрд 283 млн 49.3  миң сомду, жергиликтүү бюджеттен - 4 млрд 200 млн 304.89 миң сомду түзгөн. 

Республикалык бюджеттин дефицити - 6 млрд 350 млн 574.5 миң сомду түзгөн. 

Тэги: дефицит бюджет деньги экономика доходы расходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу