Байсалов баштаган делегаттар LBMA менен алтынды дүйнөлүк базарда сатууну талкуулашты

09.12.2022, 10:30 Акчабар
Байсалов баштаган делегаттар LBMA менен алтынды дүйнөлүк базарда сатууну талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы Лондондун баалуу металлдар базарлары ассоциациясынын президенти Пол Фишер, уюмдун аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын баалуу металлдарын дүйнөлүк базарга, анын ичинде Улуу Британиянын базарына чыгаруу маселелерин талкуулашты. 

Ошондой эле, кыргыз тарап ата мекендик алтынды дүйнөлүк базарга сатууга жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар экенин баса белгиледи.
Жолугушууда LBMA адистери базардын бардык катышуучулары кабыл алган жалпы талаптар жана принциптер боюнча маалыматтык семинар өткөрүштү.

Семинардын жүрүшүндө LBMAнын атайын жумушчу тобу баалуу металлдар базарын эффективдүү жөнгө салуу кодекси иштелип чыкканын, бул уюмдун мүчөлөрү, ошондой эле Good Delivery статусуна ээ болгон өлкөлөр үчүн милдеттүү болгондугу айтылды.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз делегациясы Улуу Британияда иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле ири банк корпорациялары жана каржы институттары менен кеңешмелер пландалган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана кыргызское золото LBMA

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу