Өкмөт CASA-1000 долбоорунун алкагында бөлүнгөн акчаны өз алдынча бөлүштүрө алат

29.07.2021, 09:20 Акчабар
Өкмөт CASA-1000 долбоорунун алкагында бөлүнгөн акчаны өз алдынча бөлүштүрө алат

Министрлер Кабинети CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрө алат. Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карагандыгы маалым болду.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев келишимге бир гана өзгөртүү киргизилгендигин, ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө техногендик кырдаал жаралган учурда калкка жардам көрсөтүү үчүн келишим боюнча бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүгө мүмкүндүк бергендигин билдирди. 

"Жалпысынан жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору 2020-жылдын 3-февралынан бери ишке ашырылып келе жатат жана CASA-1000 электр берүү чубалгысынын боюндагы айылдарга чакан гранттарды берүүгө багытталган. Электр энергиясы менен камсыздоону жана башка социалдык кызматтарды жакшыртуу үчүн каржылык жардам көрсөтүлөт”, - деди Супаналиев.

 

Тэги: CASA-1000 кабмин КР деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу