Коммерциялык банктардын депозиттик портфели жыл ичинде 34%га өстү

14.02.2022, 09:46 Акчабар
Коммерциялык банктардын депозиттик портфели жыл ичинде 34%га өстү

2021-жылдын декабрь айында кыргызстандыктар коммерциялык банктардагы депозиттерге 86 млрд 299 млн 267,1 миң сом салышты. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Жарандар акча каражаттарынын көпчүлүк бөлүгүн талап кылынган эсептерге – 80,2 млрд сом же жалпы сумманын дээрлик 93%ын, дагы 6 млрд 66 млн сомун мөөнөттүү депозиттерге салышкан.

Муну менен декабрь айынын аягында коммерциялык банктардын депозиттик портфели 242 млрд 947 млн сомго бааланган. Жыл ичинде, 2021-жылдын декабрынын аягында 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу өсүш 34,2% түздү.

Тэги: депозиты комбанки Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу