Сентябрь айынын жыйынтыгы менен физикалык жактардын депозити 78 млрд сомго (1.1 млрд $) жеткен. Коммерциялык банктардын жалпы депозиттик баасы 147 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Кыргызстандыктар ыкчам депозит менен көп колдоноору аныкталган. Учурда анын суммасы – 43 млрд сомду түзөт. Керектелгенге чейинки депозит – 33.3 млрд сом, 14.6 млрд сом – 1-3 жылга чейин сакталган депозит, 13 млрд сом 6-12 айга чейин, 5.7 млрд сом – 1-3 айга чейин сакталган депозиттер.
78 млрд сомдун ичинен 51 млрд – улуттук валюта менен, 26 млрд – чет элдик валюта менен сакталган.