Сурабалдиева: Насыядагы «кара тизмектин» мөөнөтүн 7 жылдан, 3 жылга кыскартуу керек

01.11.2019, 12:42 Акчабар
Сурабалдиева: Насыядагы «кара тизмектин» мөөнөтүн 7 жылдан, 3 жылга кыскартуу керек

«Эгерде өкмөт ишкерлер үчүн шарт түзүп бере албаса, анда жок дебесе тийишпегилечи», - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева экономика жана фискалдык саясат тууралуу комитеттин жыйынында. 

Анын айтымында, ишкерлер насыя алуу учурунда «кара тизмектен» чыгып калышып, насыя-маалымат бюросунда (КИБ) маселелер болуп жатат. 

«Эгерде кандайдыр бир бузуулар катталган болсо, КИБ кара тизмекке 7 жылга чейин киргизип салууда. Биз өкмөткө бул убакытты кыскартууну суранганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок», - деп билдирди. 

Андан сырткары, депутат эмне үчүн Улуттук банк жана Өкмөт эч кандай чараларды көрбөй жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. 

«Эгерде Улуттук банк аз өлчөмдөгү насыялар менен камсыз кыла албаса, анда эмнеге «кара тизмектин» мөөнөтү кыскарбай жатат?» - деп сурады. 

Депутаттын айтымында, бул тизмекте 100 миңге жакын адам бар. 

«Эмне үчүн миллиондорду уурдагандарды биз ар кандай себептер менен үй амагына чыгарабыз, а убагында насыя төлөй албагандарды «кара тизмекке» киргизип, кайра аны банкротко учуратып жатабыз. Экинчи ирет мүмкүнчүлүк беришибиз керек», - деп билдирди. 

Эльвира Сурабалдиева Европадагы насыя берүү тажрыйбасын Кыргызстанга  дагы колдонуу керек деген сунушун берди. 

Бул учурда «КР 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу республикалык бюджети тууралуу» КР Мыйзамы каралып жаткан. 

Тэги: Депутат Эльвира Сурабалдиева Эл өкүлү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу