Депутат мааракелик иш-чараларды өткөрүүнү оптималдаштырууну сунуштоодо

04.06.2020, 15:15 Акчабар
Депутат мааракелик иш-чараларды өткөрүүнү оптималдаштырууну сунуштоодо

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы маарекелик иш-чаралар жөнүндө»  Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда каралды.

 

Демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов сунушталып жаткан мыйзам долбоору республикалык бюджеттен берилген финансылык каражаттарды рационалдуу жана максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн маарекелик иш-чараларды оптималдаштырууга жана иретке салууга багытталгандыгын белгиледи.

«Жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш - чараларды өткөрүү үчүн мааракелик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийинки ар бир 25 жыл деп белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен башка даталарда маарекелик иш - чаралар өткөрүлүшү мүмкүн», – деди демилгечи депутат.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоого алып, онлайн-форматта өткөрүү жагын да караштырууну сунуштады. Ошондой эле өсүп келе жаткан муун үчүн белгилүү ишмерлер тууралуу документалдык тасмаларды, телесюжеттерди көрсөтүү менен чектелүүнү демилгеледи.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров мыйзамга маарекелик иш-чаралардын датасын гана белгилебестен, аларды өткөрүү мөөнөтүн да көрсөтүп коюуну сунуштады.

«Мисалы салтанаттар жана эскерүү иш-чаралары 31-августтан 10-сентябрга чейин гана уюштурулушу шарт деп жазып коюу керек. Кесиптик майрамдарды да ушул эле мөөнөттө белгилесек болот» - деген Акылбек Жапаров Кытай мамлекетинин Жаңы жыл майрамын мисал кылды.

Депутат Эмиль Токтошев болсо мыйзам мерчемделген иш-чаралардын санын сурады. Өз кезегинде маданият министри Азамат Жаманкулов: "Өкмөттүн атайын токтому менен 18 иш-чара каралган. Анын үчөө жалпы улуттук деңгээлде өтөөрү мерчемделген. Алар Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы, Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы жана Апрель окуясынын 10 жылдыгы" - деди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тэги: Депутат мааракелик иш-чара оптималдаштыруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу