Депутат: «РСК, Айыл Банк, Керемет Банк эмнеге 22% менен насыя берип жатат?»

12.05.2020, 12:20 Акчабар
Депутат: «РСК, Айыл Банк, Керемет Банк эмнеге 22% менен насыя берип жатат?»

«2020-жылы коррупция, контрабанданы толук, түп-тамыры менен чечебиз деп ойлогонбуз», — деп айтты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-майда ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун суроолоруна жооп берип жатып.

Жыйында эл өкүлү Алтынбек Сулайманов өкмөттүн 3 жыл ичинде жасаган ишинде реалдуу реформанын жоктугун баса белгилеп, сынга алды.

Абылгазиев: - Контрабанда, контрафакт маселесин чечсек, ошондо бюджетке 30-50 млрд сом түшөт. Андан айлык, пенсия ж.б. мамлекеттик төлөмдөр төлөнүп, жолдор, социалдык объектилер салынмак.

Сулайманов: -2020-жылы эмне болду? Коронавирус тоскоолдук кылдыбы, Кудай жалгап?

Абылгазиев: - Кудай жалгап эмес. Азыр тескерисинче бизнес ойгонду. Азыр эми бизнес башка нукка кетет. Биз элге арзан, узак мөөнөттү насыя берсек, баары башкача болот.

Сулайманов: - Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, өкмөткө тиешелүү 3 банк (РСК, Айыл Банк, Керемет банк) эмне үчүн калкка 17-20% менен насыя берип жатат? Өкмөттүн берген акчасы элге эч кандай жардам болгон жок. Эмне себептен коммерциялык банк менен бирдей пайызда насыяны берип жатасыздар? Кайра бизнести отургузуп атат.

Абылгазиев:- Каражат жетпей атат.

Сулайманов: - Бар каражатты 22% менен берип жатпайсыздарбы. Башка мамлекеттер элине 5% керек болсо, 0% менен насыя берип жатышат. А сиздер керек болсо, коммерциялык банктар кандай айтса, ошондой кылып, насыя каникулун бербей койдуңуздар. 

Депутаттын бул сынын жана сунушун өкмөт башчы эске аларын билдирди.

 

 

Тэги: Депутат Өкмөт башчы РСК Айыл Банк Керемет Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу