ЖК Депутаты өкмөттү биометрикалык паспортторду киргизүүнү тездетүүгө чакырды

05.03.2020, 15:25 Акчабар
ЖК Депутаты өкмөттү биометрикалык паспортторду киргизүүнү тездетүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов өкмөттү АКШнын визалык чектөөлөрүн алуу үчүн  биометрикалык паспортторду киргизүүнү тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылат.

5-мартта эл өкүлү АКШга болгон сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып берип жатып, кыргыз-америкалык күн тартибинин эң маанилүү маселелеринин бири- Кыргызстандын жарандарына карата визалык чектөөлөрүн алуу маселеси талкуулангандыгын билдирди.

Парламентарий белгилегендей, республикага карата киргизилип жаткан чаралар «грин-карталарын» алууну, АКШга үй-бүлөсү менен биригүү үчүн кетүүнү, ошондой эле ал жерге жумушчу визисы менен кетүүнү пландап жаткандар үчүн сезгиликтүү сокку болгон, ошондой эле эл өкүлү эмгек мигранттары тарабынан которулуп жаткан акча каражаттары боюнча АКШ Орусиядан кийин эле экинчи орунду элей тургандыгын эске салды.

 

«Чектөө чараларынын киргизилишинин негизги себептеринин бири- биометрикалык паспорттордун жоктугу. Паспортту киргизүү 2021-жылдын 1-январынан баштоо пландалууда. Паспортторду киргизүү жана аталган тизмеден чыгууга биз баардык күч аракеттерибизди жумшашыбыз керек. Мисалы, Чад республикасы аны жарым жылдын ичинде ишке ашыра алды»,-деди Жыргалбек Турускулов.

 

Бүгүнкү күндө элчиликтин консулдук учетунда АКШнын же Канаданын аймагында такай же убактылуу жашап жаткан 5.5 миңден ашуун жаран катталган. Сурамжылоо жолу менен алынган маалыматтарга караганда, АКШ менен Канаданын аймагында 25 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары жашайт.

 

Тэги: Кыргызстан АКШ биометрикалы к па

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу