Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев чек ара чыр-чатагында жабыркагандарга 1 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Кыргызстан оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Азыр бири-бирибизди колдоп, Баткен облусунун чыр-чатактан жабыркаган чек ар аймактарынын калкына жардам көрсөтүү өтө керек болуп турат”, - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, Баткен районунун тургундарына жардам катары ачылган өкмөттүн атайын эсебине 6.7 миллион сом чогулду.