Депутат 2020 - ж. бюджетти көптөн бери бүткөрүлө элек объектилерге жумшоо керектигин билдирди

17.10.2019, 10:54 Акчабар
Депутат 2020  - ж. бюджетти көптөн бери бүткөрүлө элек объектилерге жумшоо керектигин билдирди

Депутат Айнура Алтыбаева 17-октябрдагы ЖКнын жыйынында каралбай калган курулуш объектилерин каржылоо керек деген сунушун билдирди.

 «Учурда парламент кийинки жылдагы республикалык бюджет долбоорун карашууда. Менин колумда көп убакыттан бери бүткөрүлө элек курулуш объектилеринин 20 барак тизмеси турат. Мисалы, Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылындагы С.Жусуев атындагы №85орто мектептин курулуш иштери дагы деле бүтө элек. Андан сырткары, Кара-Суу районундагы маданият үйүнүн курулуш иштери  бүтө элек, бул ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп жыйынтык чыгрылган. 2014 – жылдан тарта Кара-Суу районунун борбордук канализация тутумун толук бойдон ондоп-түзөө иштери бүткөрүлө элек», — деп билдирди А.Алтыбаева.

Эл өкүлү 2020 – жылдагы бюджетти узак убакыттан бери курулуп бүтө элек объектилерди экспулатацияга берүү үчүн каржы жагын кайрадан кароого чакырды.

Тэги: строительство долгострои бюджет Кыргызстан депутаты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу