«Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылышууда – депутат

09.06.2022, 11:28 Акчабар
«Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылышууда – депутат

“Ак-Кеме” мейманканасын атайылап банкрот кылышууда. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси 300 миң сомду түзгөн. Ушундай эле сумманы имараттын жанында жайгашкан 20 чарчы метрлик кафе жылдык ижарага төлөйт.

"Кантип эле аймагы чоң, бассейни бар, кафеси да бар мейманкананы банкрот кылып жатышат. Эмне үчүн кичинекей кафе чоң мейманканадан пайдалуураак? Мага лифт жок деп айтышты. Бир лифттин баасы 28,2 миң доллар болорун билдим. Керек болсо бул жерди кеңсе кылып койсо болот", - деди Кокулов.

Депутат мейманкананын эски жетекчилигине карата кылмыш иши бар экенин, анын аягы эмне менен аяктаганы белгисиз деп кошумчалады.

 

Тэги: гостиница «Ак-Кеме» Эрулан Кокулов банкрот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу