Эсептөө палатасынын кызматкерлери 200-300 миң сом айлык алабы?

19.06.2019, 12:07 Акчабар
Эсептөө палатасынын кызматкерлери 200-300 миң сом айлык алабы?

Эсептөө  палатасынын кызматкерлери канча айлык акы алышат? Бул бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын кызыктырды. Бүгүн Жогорку Кеңеште Эсептөө  палатасынын төрагасы Улукбек Марипов  2017-жылдагы текшерүүлөр боюнча маалымат берди.

Өлкөдөгү  финансалык мыйзам бузууларды текшерүүгө  барган аудиттер пара албай, коррупцияга  аралашпай таза иштөөсү үчүн алар жогору айлык акы алышы керекпи? 

Депутат Улукбек Ормонов Эсептөө палатасынын кызматкерлерин  айлык акысына кызыкты. 

«Айтсаңыз, сиздердин кызматкерлер канча айлык акы алышат? Миллиондогон мыйзам бузууларды текшерген адамдын алдында азгырык жогору болот го. Элдер билсин, ачыгын айтыңыз? »-деп суранды Улукбек Ормонов. 

Марипов ага башка мамлекеттик  кызматтарга караганда Эсептөө  палатасынын кызматкерлери жакшы айлык акы аларын билдирди. 


«Эсеп палатасынын төрагасы 26 миң сом, инспекторлор 18 миң айлык акы алышат. Мындан тышкары, кошумча эмгек стажы жана чини эске алынат. Мындан тышкары, бизде атайын фонд бар. Анда мыкты иштегендерге сый акы жасайбыз. Анткени, миллиондогон мыйзам бузууну аныктагандар, дал ошол каражаттан пайыздык сый акы алышат деп кошумчалады»-Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын торагасы. 

Бирок, суроо берген Улукбек Ормонов таң калды. Бул жетиштүбүү? Эгерде 200-300 мин сом айлык алса, башка сөз деп кошумчалады. 

Эскерте кетели, учурда Эсептөө палатасында 284 кызматкер иштейт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу