Депутаттар балдарды коргоо боюнча бир топ сунуштарды айтышты

16.01.2020, 15:05 Акчабар
Депутаттар балдарды коргоо боюнча бир топ сунуштарды айтышты

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңеш жыйынында эл өкүлдөрү балдарды коргоо жаатында бир катар сунуш-пикирлерди Өкмөткө багытташты.

Депутат Аида Исмаилова 2020-жылдын Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланышы туура болгондугун айтып, балдардын ар кандай зордук-зомбулукка кабылышы, эрезеге жете электе эле эмгекке тартылышы токтобой келе жаткандыктан, Балдар кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Депутат Гүлшат Асылбаева Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын жарыяланышын кубаттап, бирок бул багытта, айрыкча, балдарды колдоо жаатындагы КР Өкмөтүнүн буга чейинки чабал иштерин сынга алды.

Депутат Наталья Никитенко аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулук уланып келе жаткандыгын жаңы жылдын башындагы аянычтуу окуялар тастыктаганын айтып, зордуктоого шектелген жарандын үй камагына бошотулушу акылга сыйбас көрүнүш экенин, буга Жогорку Сот көңүл бурушу зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Зиядин Жамалдинов балдарды колдоо жылында мектеп окуучуларына шарттарды түзүү боюнча мектептердин абалын жакшыртуу маселелерин тизмектеди. Анын айтымында, өткөн жылы Ноокат районундагы Кара-Суу, Кулатов, Көк-Жар, Бел айыл өкмөттөрүндөгү бир катар мектептер капиталдык салымдар боюнча берене менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө киргизилген. Бирок тиешелүү иштер аткарылбагандыгын маалымдап, эми балдарды колдоо жылында аталган мектептерди капиталдык салымдар боюнча берене менен оңдоп-түзөөнү сунуш кылды.

Депутат Жыргалбек Турускулов Нарын облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу менен тааныштырды. Анда Жумгалдын Баш-Кууганды айылындагы мектептин курулушу 2015-жылы башталып токтоп калгандыгы айтылган. Мындай көрүнүш аталган райондун бир катар айылдарындагы мектептерде чоң көйгөй болуп турат. Ошону менен катар Ак-Талаа районунда дагы бир катар мектептердин курулуштары 2016-17-18 жылдары башталып токтоп калгандыгын тизмектеп берди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Кадамжай районундагы Арал айылында бир дагы социалдык обьект жоктугун, ал эми айылдын мектебин мектеп деп атоого болбостугун айтты. «Адыктан, аталган айылга мектеп куруу зарылдыгы курч турат»,- дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Тэги: ЖК КР ремесленники развитие регионов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу