Депутат: Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга дагы 500 млн. $ берет

18.06.2020, 14:30 Акчабар
Депутат: Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга дагы 500 млн. $ берет

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык иштер, корго жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү Закир Шарапов баяндама жасап, Евразиялык экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өткөрмө пункттарын жана лабораторияларын жасалгалоо жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча иш-чараларды кайтарымсыз негизде каржылап жатканын белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайты маалымдайт. 

 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Акылбек Жапаров өкмөткө Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду аркылуу 500 млн. АКШ доллары Кыргызстанга тартылбай калгандыгын билдирди. 

 

«2014-жылы Россия Федерациясы 500 млн. АКШ доллары өлчөмүндө уставдык капиталдык бекитүү менен катар ошондой эле көлөмдө көмөк көрсөтүлөрүн убада кылган. Буга байланыштуу эл өкүлү Өкмөттү тиешелүү сүйлөшүүлөрдү ыкчамдатып, экономикалык каатчылык маалында ишкерлерге колдоо көрсөтүүсү зарыл» , — деп билдирди эл өкүлү. 

 

 

Тэги: Жогорку Кенеш финансирование РКФР бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу