Жапыкеев: Жумалиев бюджетке 800 миң $ жана 100 млн сом төгүүгө даяр болчу

02.02.2021, 15:10 Акчабар
Жапыкеев: Жумалиев бюджетке 800 миң $ жана 100 млн сом төгүүгө даяр болчу

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин камакка алынган балдарын боштондукка чыгарды. Ал эми келтирилген чыгым боюнча бюджетке эч кандай төлөм жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Финансы полициясынны төрагасы Сыймык Жапыкеев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

 

Анын айтымында, балдарынын эркиндиги үчүн Жумалиев бюджетке өз эрки менен инвесторлордун 800 миң долларын жана 100 млн сом төгүүгө даяр экендигин билдирген. 

 

«Биз аз андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок Биринчи май райондук соту чыгарып салды», — деп билдирген ал. 

 

Белгилей кетсек, Жумалиевдин туугандары дагы алдамчылыкка шектелип, январда камакка алынган. 

 

 

Тэги: ГСБЭП мошенничество штраф

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу