Депутаттар алтын кендерин иштетүүгө лицензия берүүнү токтото турууну сунушташты

19.04.2021, 17:15 Акчабар
Депутаттар алтын кендерин иштетүүгө лицензия берүүнү токтото турууну сунушташты

Айрым депутаттар жаңы кендерди иштетүүгө лицензия берүүнү жер казынасын иштетүү жана көзөмөлдөө үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөнгө чейин токтото турууну сунушташты. Бул тууралуу "Vertex Gold Company" ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда талкууланды, деп маалымдалат Жогорку Кеңештин сайтында.

"Вертекс Голд Компанинин" иш процесси менен таанышкандан кийин, комиссиянын мүчөлөрү алардын ишине байланыштуу өз пикирлерин төмөнкүчө билдиришти.

“Биз курамында алтыны бар кендерди жана концентраттарды Кыргызстандын аймагында иштетип, анын чет өлкөлөргө экспорттолушуна жол бербешибиз керек. Бул шартты аткарбаса, алтын кендерин иштетүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү кыйын", - деди депутат Тариэл Жоробеков.

"Вертекс Голд" компаниясынын директору алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу дээрлик аяктап калгандыгын, бирок ушул кезге чейин "Маймак" станциясы аркылуу руда Балхашка жөнөтүлүп жаткандыгын маалымдагандыгын кошумчалайбыз.

 

Тэги: экономика золото-медное месторождение депутаты вертекс голд компани

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу