Эл өкүлдөрү элет тармагын каржылоо маселесин көтөрдү

24.10.2019, 14:45 Акчабар
Эл өкүлдөрү элет тармагын каржылоо маселесин көтөрдү

24-октябрдагы жыйында депутаттар Баткен, Ош, Чүй облусундагы маселелерге токтолушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. 

Депутат Таабалды Тиллаев Исфана шаарындагы аэропортту бүткөрүүгө акча которуу сунушун билдирди. Андан сырткары, 2020 – жылы Мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Разаковдун юбилейи боло тургандыктан, Лейлек районундагы музейин оңдоо керек деп кошумчалады. Депутат Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун Жайыл районундагы социалдык объектилерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө каражат бөлүп берүүнү суранды. 

Депутат Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районунда жаңгак  жыйноо мезгили – жергиликтүү калктын каржы тапкан жалгыз булагы экенин билдирди. Депутат Аалы Карашев Ош – Стамбул- Үрүмчү авикаттамдарын кайрадан жаңыртуу керек экендигин, Ош облусунун тургундары үчүн борборго келип учуу кошумча чыгаша болуп калат деп айтты. Депутат Талайбек Масабиров Сокулук районундагы Нурлан Рахимов орто мектебине ашкана куруп берүү демилгесин көтөрдү. Депутат Жанар Акаев Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарга көңул буруу керек экендигин жана таза суу менен камсыз кылуу сунушун билдирди. 

 

Тэги: регионы ЖК КР финансирование авиарейс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу